“Өзбекстандын “түбөлүктүү” президентине айланган Ислам Каримов тактан түшсө, анын ордун ким ээлейт?” деген собол учурда Өзбекстан эле эмес, бүткүл КМШны ойлонтуп турган кези. Бул боюнча саясат талдоочу Ташпулат Юлдашев: “Каримов өз эрки менен отставкага кетчү адамдардан эмес. Акыркы учурда саясий интригалар жүрүп жаткандай. “Ислам Абдуганиевичке анын кызы Гүлнара Каримова мураскер болушу мүмкүн” деген жоромол бар. Бирок Өзбекстандагы аттуу-баштуу адамдар анын келишин колдошпойт. Айрыкча премьер Шавкат Мирзяев менен УКМКнын төрагасынын орун басары Шухрат Гулямовду президент болот дешүүдө.
Жашы 70тен оогон Каримов даярдалган тексти жок сүйлөгөндө темадан өтө эле алыстап кеткендиги көп байкалууда. Айтып жатканын унутуп калып, башкага өтүп кетет. Жардамчылары жанында болсо, ал каалаган адамын чаап, сөгүп же катуу урушушу мүмкүн”,- деген пикирин билдирет.
Анын ою боюнча, Ислам Каримов президенттиктен кетери менен Өзбекстанда төңкөрүш, бийлик үчүн кандуу күрөш башталат.