АКШнын өкмөтү жана “Мина Инкорпорейшн” компаниясы Бишкек шаарындагы Транзиттик жүк ташуу борборун күйүүчү май менен камсыздоо жаатында келишим түздү. Келишим баасы 630 миллион долларды чапчыган. Бирок президент Роза Отунбаева: “Аталган борборго күйүүчү май ташуунун тегерегинде чоң бизнес жүргүзүлөт”,- деп билдирди. Ал Кыргызстандын өкмөтү жогоруда айтылган келишимге каршы экендигин айтты. Анткени “Мина Инкорпорейшн” компаниясына карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок бул компания айыбын моюнга албай келет.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган компаниянын Бакиевдин үй-бүлөсү менен чогуу иш алып баргандыгы айтылып келген. Бирок АКШ иликтөө жүргүзгөндө, андай илинчек таппай койгон. Айта кетчү жагдай, “Мина Инкорпорейшн” компаниясы бир да мамлекетте катталбагандыгы жана чыныгы ээси белгисиз экендиги менен да шек туудурат.