САМБОЧУЛАРДЫН ИЙГИЛИГИ

2010-жылдын 3-8-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Самбо боюнча дүйнө чемпиондугу болуп өттү. 50 мамлекеттин балбандары катышкан чоң мелдешке биздин өлкөнүн намысын 16 спортчу коргоп келди. Жыйынтыгында 62 килограмм салмактагы Нурлан Эралиев эркектер арасынан жалгыз коло медалга ээ болду.
Мелдеште Азербайжан, Тажикстан, Индонезия, Грузия жана Өзбекстандын самбочулары менен беттеш өткөрдү. Булардын арасынан грузин спортчусунан эле жеңилүү ызасын тарткан. 15-20 жылдан бери самбочуларыбыз дүйнө биринчилигинен медаль алып келе элегин эске алсак, бул ийгиликти чоң жетишкендик десек болот.
Ал эми самбочу кызыбыз Анара Эстебесова 57 килограмм салмакта күмүш медалды жеңип, вице-чемпион наамын багындырып келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан