ӨМҮРҮН ЖОЛДО ӨТКӨРГӨН УЗАТУУЧУЛАР

Поезддердин бири үшкүрүнө келип токтосо, экинчиси кыйкырып жөнөп, ушул тапта темиржол бекети өзүнчө эле ызы-чуу. Мындай кымгуут элдин арасында бир калыбынан жазбай күнүмдүк жумушун аткарып жүргөн кызматкерлер жүрөт. Алар – поезддеги узатуучулар. Өмүрүнүн көп бөлүгүн термелген поездде өткөргөн узатуучуларды гезитибиздин “Кесип” аттуу рубрикасына алып чыктык. Учурдун заманбап кесибинин ээлери узатуучулуктун оош-кыйышы тууралуу айтып беришти.

Темиржол бекетине барганда Орусиядан келген поезддеги жүргүн­чүлөрдү эми эле узатып, чарчап, эс алуу үчүн баскан узатуучуларга туш болдук. Жөн-жайыбызды уккан соң Айнагүл Тентеева деп өзүн тааныштырган эжени кепке тарттык.

“ЖЫЙЫРМА ЖАШЫМДАН БЕРИ УЗАТУУЧУМУН”
– Эже, ишиңиз оор окшойт, чарчап калыптырсыз…
– Адам күнү-түнү шакылдаган поездде эч бир жумуш кылбаса деле эзиле чарчап калат эмеспи. Жүргүн-чү­лөрдөн айырмаланып, биз поездде иштеп да келебиз. Биринчи бул жумушка орношкондо коркуп, чочулап жүргөн окшойм, айтор, аябай арыктап кеткенмин. Азыр эчтеке эмес, көнүп калгам. Бирок, баарынын эле башталышы оор болот. Узатуучу болгон соң поезддин ар бир кенедей тетиктеринен бери билишиң керек. Эртең менен саат жетиде келүү зарыл. Сегизге чейин жыйналыш болот. Анан келген поезддердин төшөктөрүнөн баштап кашыктарына чейин санап, мөөнөтү бүткөн узатуучудан өткөзүп алабыз. Поезд жылаары менен жолдо жүргүнчүлөргө чай берип, дааратканаларды тазалап, станциялардан жүргүн­чүлөрдү түшүрүп, жайгаштырып туруу – биздин милдет.
– Узатуучунун милдетине дагы эмнелер кирет?
– Биздин жумуш жүргүн­чүлөрдү орундарына жайгаштыруудан башталат. Андан соң жүр­гүн­чүлөргө төшөк­төрдү камдап беребиз. Күнүнө эки жолу өзүңдүн карамагыңдагы вагонду жууп, тазалашың керек. Жүр­гүнчүлөргө чай, кофени тынбай берип турабыз. Ошондой эле жетип токтоорго 30 мүнөт калганда толугу менен шейшептерди которобуз. Баарынан негизгиси, вагондун ичиндеги тартипке толугу менен жооп беребиз.
– Бул кесипти кантип тандап калдыңыз?
– Мектепти бүтө элегимде атам каза тапты. Каражаттын жетишсиздигинен жогорку окуу жайга тапшырбай калдым. Анан темиржол бекетинен жумуш издеп келдим. Мени кабыл алган киши бир карап туруп эле: “Сен бул жерде иштей албайсың. Иштеш үчүн узатуучуларды үйрө­түүчү атайын курска кирип окуш керек”,- деп узатып койду. Эптеп бирөөдөн карыздап акча алып, эки айлык курска кирип окудум. Окууну бүтүп кайра келгенимде “эми сен күйөөгө тийип, бала-бакыралуу болушуң керек” деп койду. Бирок, мен суранып туруп алдым. Ошентип, жыйырма жашымдан берки өмү­рүмдүн негизги бөлүгү ушул жумуш менен өтүп келе жатат.
– Үйбүлөңүз туралуу кеп сала кетпейсизби?
– Ушул жумуштун айынанбы же болбосо тагдырдын жазган жазмышыбы, айтор, күйөөдөн бак айткан жок. Турмушка чыгып, эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеттим. Жолдошум мени түшүнө алган жок.
– Жеке жашооңузга жумуштун кедергиси тийди деп ойлобойсузбу? Дегеле, бул иштен тажап кеткен учурлар болобу?
– Турмушумдун бузулушу тагдырымдан болсо керек. Ал эми жумуштан тажаган учурлар болот. Анткени, бир калыпта термелген поездде жүрүп түркүн окуяларга кезигесиң. Бирөө менен урушасың. Бирөө менен жакшы тааныш болуп каласың. Айрым учурда кылмыш кылып, анан башка жакка качып жөнөгөндөрдүн кармалышына күбө болосуң. Атүгүл баңгизат алып бараткандар кармалган учурларды баштан өткөргөнбүз. Мындайлар менен темир жолдогу ички иштер бөлүмү иштейт. Бирок, узатуучу болгон соң бизге да аралашып калганга туура келет. Адамдардын мүнөзү ар кыл болот. Ошентсе да ар биринин тилин табууга туура келет. Ошентип, жолдо жүрө берип, жеке жашооңду унутуп салышың да мүмкүн.
– Сиз да ошондой болдуңузбу?
– Узатуучу болуп жыйырма жашымдан бери иштеп келе жатам. Азыр кырктан ашып калдым. Бул аралыкта бир күн үйдө болсом, эки күн поездде жүрүп, өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгү жолдо өттү. Түшүнүктүү түгөй издөөгө, дегеле жигиттер менен таанышып, мамиле түзүүгө убакыт болгон жок.

“АЯЛЫМДЫ БАГАМ ДЕП ТАЛААЛАП ЖҮРӨМ ДА”
Эже экөөбүз­дүн кебибизге эми жанатан бери сөздөн качып унчукпай отурган байке аралашты. Ал Эрмек Бектенбаев экен. Мен да суроолорумду берип калууну туура таптым.
– Поезддеги узатуучулук сизди эмнеси менен кызыктырды?
– Кызыктырган деле эмес, Айыл чарба институтун бүткөндөн кийин далай жерге жумуш издеп бардым. Акыры бул жерге келсем, “атайын курсту окушуң керек” дешти. Анысына көнүп, алты ай окуган соң иштеп калдым.
– Анан азыр деле кызыкпай эле иштеп жүрөсүзбү?
– Башында кызыктуу деле эмес болчу. Көнө албай бир топ жүдөп да жүрдүм. Ар бир жүргүнчү үчүн жооп берүүнүн өзү эле чоң жоопкерчилик да. “Жол азабы – көр азабы” дейт эмеспи. Далай окуяларга туш болосуң.
– Окуя демекчи, ошолордон кеп салып бербейсизби?
– Ой, узатуучу болуп жүрүп далай окуяга күбө болдук. Бир жолу Казакстандагы станциядан бир келинди күйөөсү узатып чыкты. Келин күйөөсүнүн моюнуна оролуп, тим эле буркурап ыйлап алган. Поезд жылгандан кийин өксүгөн келинди бир топко сооротконбуз. Анын жанындагы купеде бир жигит бар болчу. Кечинде текшерип жүргөндө буркурап ыйлап чыккан келин ордунда жок. Купелерди кыдырып жүрсөк, баягы жигиттин жанында шарактап отурат. “Ой, сен эмне бул жерде жүрө­сүң?”- десем, ал келин: “Күйөөм калып калды, анан эмне кылмак элем?”- деп койду. Тим эле бакырып ыйлап, күйөөсүнөн узап жаткандагы келиндин кебетеси менен ошондогу акыбалын карап туруп оозубуз ачылып эле калган.
– Келинчегиңизге мындай нерселерди айтып бергенде сизди кызганбайбы?
– Ошол келинчегимди багайын деп талаалап жүр­бөймүнбү.
– Иштегениңизге канча жыл болуп калды?
– Бизче айтканда, жаш болсом да поезд менен кошо бир топ жыл жол таптадым.

“ЖОЛДОН ТӨРӨЛГӨН БАЛДАР ҮЧҮН СҮЙҮНЧҮ ДА АЛГАНБЫЗ”
Байкенин тамашалуу жообуна күлүп алып, жанымда отурган орто жаштагы эжеге кайрылдым. Ал өзүн Малабаева Айнура деп тааныштырды.
– Аял кишинин узатуучу болушу балдарды тарбиялап чоңойтууга залалын тийгизбейби?
– Биз жолдошум экөөбүз тең ушул кесипти аркалап келебиз. Эки балабыз бар. Улуусу жетинчи класста, кичүүсү бешинчи класста окуйт. Чынын айтыш керек, көбүнчө үйдө болбойбуз. Балдарыбызга ата-энедей болуп, ушул күнгө чейин жакшы көңүл да бөлө алган жокпуз. Мындайда балдар өз алдынча болгонго көнүп калышат экен.
Негизи, поездде жүрүп далай кызыкка туш болосуң. Мисалы, Орусияга бараткан поезддегилер Казакстандын чегарасынан өткөн соң эле бойдок болуп алышат. Кээбирөө вагон-ресторандан чыкпай жол ката ичип келишет. Айтып отурса өзүнчө эле киного тартылчудай окуялар болот. Жолдон төрөп койгондор да көп кезигет. Жумушка жаңы кирип, каттамга биринчи жолу чыкканымда эле эки кыз, эки баланын сүйүнчүсүн алгам. Ошентип, алгачкы каттамымда эле “узатуучу-акушер” болгом. Ырас, турмушта ар кандай кырдаалдар болот. Ошентсе да айы-күнүнө жетип турганда алыс жолго чыккан аялдарга таңкалбай коё албайм.
– Канча айлык аласыздар?
– Бир каттамга 2-3 миң сомдун тегерегинде айлык алабыз.
– Эл арасында «узатуучулар крутой болушат, алардын шабашкасы көп» деген түшүнүк бар. Буга кандай дейсиз?
– Элде түрдүү сөздөр айтыла берет. Атүгүл айрымдар “узатуучулар баңгибарондордун товарларын өткөрүп беришет” деп да айтышат экен. Мындай сөздөр чындыкка коошпойт. Көпчүлүк биздин жумушту дайыма поездде шабашка жасап, акчаны тутамдап кармап жүрчүдөй элестетишет. Чындыгында, андай эмес. Биздин кесиптин эл көзүнө көрүнбөгөн далай кыйынчылыктары бар.
– Жолдошунуз экөөңүзгө бир жерде иштеген кызыктуубу?
– Кээде станциялардан жолугуп калабыз. Ал ары кетип баратса, мен бери келе жаткан болом. Баш кошконубузга канча жыл болсо, ошондон бери бири-бирибизди абдан сагынышып эле жүрөбүз. Ошондон да болсо керек, урушканга убактыбыз жок.

ЖЕҢ ИЧИНДЕГИ БИЗНЕС
Узатуучулар менен болгон маегибизде “зайчиктер”, кассадан тышкары сатылган билеттер жөнүндөгү маселе тууралуу кеп козголгон жок. Анткени, менин маектештерим бул теманы козгоону жактырышпайт экен. Ошентсе да, теменени капка катып болбойт. Узатуучулар менен маектешип отуруп, айланамдагы элдин арасынан: “Зайчик” болуп кетсең болот. Акчасын узатуучуга эле берип коёсуң. Жол ката өзү баш-көз болуп барат”,- деген сыяктуу же: “Орусиялык поездге кассада билет калбай калган болсо, узатуучуларга бар. Алар билет таап беришет”,- деген өңдүү кептерди кулагым чалып жатты. Абай салып көргөн адам “зайчиктер” менен кассадан тышкары сатылган билеттер аркылуу чоң бизнес жүргүзүлөөрүн түшүнбөй койбойт.
Ошентип, кыйынчылыгынан да кызыктуу окуялары ашып түшкөн узатуучулук кесип менен таанышып көрдүк. “Кайда барба, Мамайдын көрү” деген сыңары, бул кесиптин деле көзгө көрүнбөгөн кыйынчылыктары толтура. Кеп аягында “жолуңар дайыма байсалдуу болсун” демекчибиз, урматтуу узатуучулар.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан