АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ӨМҮР БОЮ ТҮРМӨДӨ ОТУРМАЙ БОЛУШТУ
23-ноябрда Сузак райондук сотунда 2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү “Санпа” заводунун жанында болгон массалык киши өлтүрүү иши боюнча сот болуп өттү. Сот 19 айыпталуучунун 17сине өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал эми Усманжан Аблазов менен Фурхатбек Абдужаббаров экөө 25 жыл түрмөдө отурмай болушту.
Эске салсак, кылмышкерлер түштүктөгү июнь коогалаңында Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда өтүп бара жаткан унааларга ок чыгарышкан. Алар машиналар тайгалансын үчүн асфальт жолго мазут төгүп салышкан. Жыйынтыгында 16 адам өлтүрүлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон. 9 машина өрттөлгөн.

ЧАК ТҮШТӨ АТЫП КЕТТИ
23-ноябрь күнү саат 12:30да Ош шаарынын ресторандарынын биринде адам өмүрү кыйылган. Башкача айтканда, белгисиз адам Ноокат районунун тургуну М.Жээнмуратовду Макаров тапанчасы менен үч жолу аткан. Төшүнө ок жеген жабырлануучу облустук ооруканага жеткенде көз жумган. Окуя болгон жерден Макаров тапанчасы 3 гильзасы менен табылган.
Кылмыш иликтенип, кылмышкерди издөө иштери жүрүп жатат.

ОКУУ ЖАЙДЫ ТОНОП КЕТИШТИ
Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетин белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Окуя 21-ноябрь күнү саат 05:00дө болуп өткөн. Кылмышкерлер окуу жайдын коопсуздук кызматкерлерин сабап, эсепчилер бөлмөсүнө киришип, 70 миң сом акча жана 60 миң сомдук буюмдарды алып кетишкен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

1 МИЛЛИОН СОМДУ ЖУЛУП КАЧЫПТЫР
20-ноябрда саат 17лер чамасында Ош шаарында 48 жаштагы Э.Дны тоноп кетишкен. 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам анын 1 миллион сом акча салынган сумкасын жула качкан. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнөн улам бул кылмышка шектүү деп 33 жаштагы К.Н. аттуу жигит кармалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЭКИ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
22-ноябрь күнү саат 20:00дө Панфилов районунда жол кырсыгы катталган. Ауди-100 автоунаасы жогорку ылдамдыкта баратып КамАЗга урунуп алган. Жыйынтыгында Ауди-100 машинасында бара жаткан 30 жаштагы Айбек Шаршебаев менен 4 жашар Тен Айвар көз жумуп, ал эми Аудинин айдоочусу аман калган.

МЕКЕНДЕШИБИЗДИ СҮЗҮП КЕТТИ
18-ноябрь күнү саат 16:55те Орусиянын Екатеринбург шаарында жол кырсыгы катталган. Ал жерде Кыргызстандын жараны Фаррух Кочкаровду белгисиз машина уруп кеткен. Алган оор жарааттарынан улам ал ошол жерден жан берди. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

101 билдирет

БИР АДАМДЫ САКТАП КАЛЫШТЫ
24-ноябрь күнү саат 00:34тө Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүнүн 300-үйүндө өрт чыккан. Тагыраак айтканда, “Гүлнур” ЖЧКсынын компьютерлерди оңдоочу бөлмөсү күйүп кеткен. Жыйынтыгында 3 сыналгы жана 4 компьютер күйгөн. Өрт учурунда имараттын ичинде калган 49 жаштагы Ольга Кулатованы сактап калышкан. Өрттүн себеби такталууда.

ҮЙ КҮЙДҮ
23-ноябрь күнү саат 22:30да Москва районундагы Стретенко айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн 28 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда. Өрт учурунда үйдө эч ким болгон эмес.

1000 ТҮК ЧӨП ӨРТТӨНДҮ
Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылынын Койматов көчөсүнөн өрт чыккан. Өрт А.Жуманазаровдун 270 чарчы метрди ээлеген сарайынын чатырын жалмады. Аны менен кошо 400 түк саман жана 1000 түк чөп күлгө айланган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан