"Англиянын ханзаадасы Уильям 28 жаштагы Кейт Миддлтонго үйлөнөт" дегенден бери көп убакыт өттү. Акыры үйлөнүү датасы айтылды. Ал күн – 2011-жылдын 29-апрели. Той падышанын конок күтүү хан сарайында өтмөкчү. Анан падышалык ал күндү Англиянын, Уэльстин жана Түштүк Ирландиянын улуттук майрамы деп кабыл алмай болду.