УУЛУМДУН ЫҢААЛАГАНЫ АЗЫР ДА КУЛАГЫМА ЖАҢЫРАТ

Акчанын азабы,каргашалуу жарнама

... Атам кичине кезимде эле каза болуп калган. Мектепти бүткөнүмдө апам байкуш мени окуп алсын деп колунда бар малын сатып акча кылып, окууга жөнөттү. Эл катары борборго келдим. Менден кийин да оозун ачкан балапандай бөбөктөрүм бар эле. Бюджет жагына өтө албай калып, көзүмдү жумуп келишим бөлүмүнө өтүп алдым. Апама болгон ишти баяндап кат жазсам, “Болуптур, балам, келишим болсо деле окуп ал. Адам болсоң эле болду” деп жооп жазып жиберген экен. Ошентип, окуп калдым. Бирок, бир жылдан кийин баягы келишимдеги акча кекиртегиме сайылган кылкан болуп туруп алды. Күндүз окуп, түнкүсүн иштеп да жаттым. Бирок, келишимдеги акчаны төлөгөнгө баары бир деле жетпейт. Айылга апама айтып жиберсем “Жалгыз уйду базарга койдум. Өтүп кетсе эле берип жиберем” деп жазган экен. Балдарын ошол жалгыз уйдун сүтүн сатып багып жаткан апам байкуш эмне кылат? Катты алгандан кийин шалдайып отуруп калдым. Көзүм жанымда жаткан гезитке урунду. Кыздардын бирөө алып келип таштап койгон окшойт. Колума алып максатсыз барактай кеттим. Жарнамалардын арасында ”Жогорку маяналуу жумуш берилет” деген жарыяга көзүм түштү. Эмне деген жумуш берилээрин деле ойлонбой ошол замат ордуман турдум да, ылдыйга телефон чалганга бет алдым. Келишимге төлөөчү акчаны ойлоп, көзүм караңгылап туюктан жол таба албай турганда эч нерсени деле ойлой албай калдым окшойт. Телефондон орто жашап калган аялдын үнү угулду. Эртеси менин жатаканамдан алысыраак жерден жолугууга убадалашып дароо эле телефонду коюп койду. Билбейм, эртеси канчалык каалабай турсам да, мени белгисиз күч ошол жакка алып барды. Болжошкон жерде “Жип” машинасы турган экен. Келчү адамдын жолун акмалап турсам ал машинадагы аял: “Гүлнара деген сенсиңби?” деп кайрылып калды. Мен башымды ийкедим да. ишенимсиз кадам таштадым.

«Сен бизге төрөп бер»

Түшөөрүм менен эле алдыңкы орундукта отурган айдоочусу чыгып кетти. Тигил сулуу аял колунда бар “современный леди” экени дароо эле көзгө урунду. Мага сынаңкы көз жүгүртө карап алды да, чоо-жайымды сурап кирди. Мен окуума акча таба албай жатканымды айттым.
Аял мени карап турду да сөзүн шарт баштады:
– Сиңдим, айылдан келген экенсиң. Абалыңды түшүнүп турам. Эгерде айтканыма көнсөң, сенин түшүңө кирбей турган бай болосуң. Кийээриңе кийим, үстүңдө үй, алдыңда машина болот. Бирок, бир гана менин сунушума көнүшүң керек,- деп мени жадырай карап колумду назик кысып койду.
– Ал кандай сунуш, эже?
Мен алдымда турган аялдын мээримине негедир боор толгоп кеттим.
– Мен... Мен төрөбөс аялмын. Бирок, колумда баары бар. Күйөөм менсиз, мен күйөөмсүз жашай албайбыз. Бир гана баласыздыгыбыз болбосо бактылуу адамдарбыз. Көп жыл болду. Дарыланып көрсөм да боюмда болбоду. Мен күйөөм Аликтен балалуу болгум келет. Өзүм төрөй албасам да...
Аял ушул жерге келгенде өңү өзгөрүлө түштү. Мен дагы эле менден эмне талап кылып жатканын түшүнбөй ал аялдын жүзүнө арбала тура бердим.
– Менин сунушум... Сен... бизге төрөп бер.
– ...
– Ошент, сиңдим. Сен биздин акыркы үмүтүбүзсүң. Эгерде баланы төрөп берип бизге таштап кетсең, жана айткандай, сенде баары болот. Сен жаш экенсиң, сулуу экенсиң. Эртең эле башкага турмушка чыгып төрөп аласың.
Аял колумду кармаган бойдон жанталашып шыбырап жатты. Бул сөздөрдү укканда төбөмдөн кимдир бирөө суу куюп жибергендей ичиркене түштүм.
– Жок, эже, мен анте албайм. Кереги жок мага эч нерсенин,- дедим да колумду тартып алып машинадан түшүп чуркап жөнөдүм. Артыман жоо кубалап келе жаткандай жатаканага киргенде гана эсиме келдим.

ххх

– Жанкараева, сени деканатка...- деген старостабыздын үнүнөн улам селт чочуй түштүм. Ал жакта эмне сөз болоорун билдим да, шалдырай деканатты көздөй бастым. ”Ушул айдын аягына чейин төлөбөсөң болбойт. Сен жакшы окуганыңа да карашпайт” деген эжейибиздин сөзүнөн не кылаарымды билбей башым катты. Ошол күнү кайрадан айтылуу телефонго чалдым. Телефон автоматка барып эженин тааныш үнү угулганда “Эже, мен баарына макулмун” дедим. Ал дагы мени дароо тааныды.
– Кайдасың, азыр барам...
Эжеге дарегимди айтып, трубканы коюп эле буркурап ыйлап жибердим. Ошол маалда дагы эчен ирет көз жашым төгүлөөрүн билбеген элем.

Сатылган дене, кыйнаган абийир

Ошентип, макул болдум. Эже күйөө­сү Алик менен тааныштырганда ал титиреп турган мага бир карап алып көзүн буруп кетти. Калган окуя мен үчүн жаман түш көрүп жаткандай эле сезиле берди. Ошол күндөн тартып ар кандай врачтардын текшерүүсүнөн өтүп жаттым. “Баары жайында, денсоолугу таза” деген сөздү уккан сайын эженин көздө­рү кубанычтан сүзүлө калып жатты. Көрсө, болочок наристенин денсоолугуна кам көрүп жатышкан экен. Аялынын буйругун эч кыйшаюусуз аткарган байке мени бир күнү “эс алдырганы” алып чыгып кетти. Мейманкананын биринде мен ал адамдын тепсендисинде калдым.
Ооба, чоочун адамдын колу тие элек гүлдөй денемди каалашынча уйпалап жатты. Эч сезимсиз, эч жылуулугу жок, куду жансыз адамдай олдоксон кыймылдаган Алик байкенин кучагында жатканда өзүмдү тирүүнүн өлүгү катары сездим...
Боюмда болгондон тартып эже көзүм­дүн агы менен тең айланып жатты.
– Эмне жейсиң, эмне ичесиң, кайсыны алып келип берейин. Гуля, эшикке көп чыкпа үшүп каласың,- деп үстүмө үйрүлүп турат. Боюмда болгондон тартып алар мени өз үйүнө чыгарып алган эле.
Алтургай, колун менин билинип калган ичиме коюп, көзүн жумуп рахаттана калып ичтеги баланын кыймылдаганын сезгенде кубангандан колун чаап жиберет. Айтор, баланын энеси мен эмес эле ал сыяктуу кубанып жүрдү. Ичимден сызган менин дартымды эч ким байкаган жок. Анткени, ичимдеги бала чоңойгон сайын жаным кыйналып, эч кимге наристемдин колун карматкым келбей кызганып баштадым. Түшүмө кичинекей колдорун, буттарын тарбаңдаткан бала кирип күндө түшүмдөн умсунуп ойгончу болдум. Кабагым кирдеп калганын сезээри менен эже мени дүкөндөргө же киного ээрчитип көңүлүмдү көтөргөн­гө аракет кылат. Бирок, менин адамдык, энелик абийирим кыйнап жатканын эч капарына албады.

Көз жаш жана айрылуу

Мен үчүн тозокко айланган тогуз ай аяктап, баланын жарыкка келчү күнү жакындай баштады. Толгоом кармап калган күнү дароо эле төрөтканага алып жөнөштү. Жанымды кыйнаган төрөттүн азабынан да азыр наристемди колуман жулуп кетишээрин ойлогонумда тура калып көз көргүс, кулак уккус жакка качып жоголгум келип турду. Бирок...
Аман эсен уул төрөдүм. Баланын кинди­гин кесип, ороп-чулгап жатышат. Кубаныч көз жашы менен кошо айрылуунун азабы көөдөнүмдү тилип балама алсыз кол создум. Кичинекейим менин! Колдору, буттары тырмаңдап бакырып жатат! Көз жашыма какап-чакап врачка жалындым.
– Эже, бир эмизип алайынчы. Алып кетпеңизчи, суранам сизден.
Анткени, баланы эмиздирбей туруп алып кетебиз деп сөз берип жатканын уккан элем. Врачтын насили аял эмеспи, аяп кетти окшойт “мейли” дегендей баш ийкеп алып чыгып кетти. Медсестра баламды колума берди. Акыркы жана биринчи жолу эмизип жаттым. Ошол учурда бул дүйнөнү да, акчаны да, турмушту да алымдын жетишинче каргап жаттым. Баламдын жүзүн карап өзүмө окшош жагын издеп жаттым. Таптым! Оң жак мойнунда дал меникине окшогон калы бар экен. Наристем тойгон соң, эч капарсыз болпоюп уктап калды.
Эртең менен турсам жанымда жаткан кичинекей керебеттеги балам жок. Ордунда пакет жана бир барак кагаз жаткан экен. Калтырап араң басып барып кагазды колума алдым. Пакетте акча, менин документтерим, дагы бир кагаз бар экен. Катты ачып окуй баштадым. “Сиңдим, рахмат сага. Бактылуу бол. Эми бизди издебе! Издесең да таппайсың. Анткени, биз башка жакка көчүп кеттик. Сүйлөшүлгөндөй үй сатып алып сенин наамыңа каттатып койдук. Ал эми окууңа болсо баары төлөндү. Биз сага ыраазыбыз, сен дагы ыраазы бол! Эжең.” Колумдагы катты уучтай отуруп калдым. Тунарган көзүмө баламдын жалаягы көрүндү. Атайлап таштап кеткенби же көтөрүп бара жатканда түшүп калганбы билбейм. Колума алып жыттадым да, солуктай ыйлай бердим. “Кечир, уулум, кечир мени” деп өксүп жаттым.
Азыр баары жайында. Окууну бүтүп, жакшы жумушка орношуп, апамды, бөбөктөрүмдү бул жакка көчүрүп келдим. Апамдын кубанычын сураба, бир гана ал кубаныч менин орду толгус жоготуумдун баасына келгенин эч бир жан сезбейт. Ар түнү наристемдин үнү кулагыма жаңырып жан-дүйнөмдү кыйнап келет. Уулумду бир көргөнгө зар экенимди, абийиримдин алдында күнөөлүү экенимди эч ким билбейт.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kuba1985
2013-01-30 23:00:34
жашоонду ........
0
№ 190, 23-29-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан