МЭЭ ЖАНА ЭС-ТУТУМ ЖӨНҮНДӨ 15 ДАЛИЛ

Доктур, мени эс-тутумумдун начарлашы кабатырлантып жатат.
Канчадан бери?
Эмне канчадан бери?
Эс-тутумуңуздун начарлашы.
Кайсы эс-тутум?..

Бүгүн окумуштуулар адамдын мнемикалык (эске тутуу) жөндөмдүүлү­гүнүн начарлап баратканын айтышууда. Мунун эң биринчи себеби – электрондук маалымат ташуучулардын пайда болушу. Мисалы, сиз, окурман, бардык эле жакындарыңыздын телефондорун жатка биле бербесеңиз керек. Мунун кажети деле жок, себеби, керектүү маалымат уюлдук телефонуңузда сакталуу.
Заманбап адамдын эс-тутумунун начарлашынын дагы бир себеби – анын маалымат доорунда жашап жатканы. Башкача айтканда, адамдын мээси бүгүнкү күндөгү-дөй чоң көлөмдөгү маалыматты сактап жүргөнгө алы жетпейт.
Тарыхчылар билдиргендей, 30 миңден ашуун аскери болгон перс ханы Кир, Александр Македонский, Юлий Цезарь өздөрүнүн аскерлеринин ар бирин жүзүнөн таанычу. Грециялык ойчул Фемистокл Афинынын 20 миң тургунунун аты-жөнүн билчү.
Бүгүнкү күндө да укмуштуу эс-тутуму менен дүйнөнү таңкалтырган адамдар бар. Лос-Анжелестин (АКШ) 42 жашар тургуну Жилл Прайс өзү жөнүндө “Эч нерсени унутпаган аял” деген китеп жазган. Ал акыркы 28 жылдын ичинде болуп өткөн окуялардын бирөөсүн да унута элек. Жиллге 20 жыл мурунку бир датаны айтса, ал күнү саат канчада турганын, эмне жеп, ким менен сүйлөшкөнүн эстеп, айтып бере алат.
Америкалык Крейтон Карвелл алдына башаламан тизилген 312 даана кадимки оюн картасынын иретин жаттап калат.
Окумуштуулар: “Ар бир адам өзүнүн эс-тутумун жакшырта алат”,- дешет. Бул үчүн атайын тесттерден өтүү керек. Төмөндөгү адамдын эс-тутуму жана мээси тууралуу кызыктуу далилдерди да билип алсаңыз ашыктык болбос:
1. Аялдын мээси эркектикинен салмактуураак. Мээ булчуңга окшош. Аны канчалык машыктырсаң, ошончолук чоңоёт. Чоң эркек кишинин мээси 1420, ал эми аял кишиники 1560 грамм. Картайган сайын мээнин салмагы азаят.
2. Адамдын мээси аялдыкына караганда эркектин үнүн тез кабыл алат. Эркектин үнү мээнин башка бөлүгүнө, аялдыкы башка бөлүккө таасир этет. Аялдын үнү “музыкалуу” жана бийигирээк тондо болгондуктан, мээ аны “чечмелегенге” аракет кылат. Европада мектеп мугалимдеринин көбү эркек болгондугу ушундан улам болсо керек.
3. Билимдүү адамдар мээ оорулары менен азыраак оорушат. Мээге интеллектуалдык күч келген сайын жабыркаган ткандар жаңы ткандар менен алмашып турат.
4. Биз мээбиздин 5-7 гана пайызын колдонобуз. Эгерде мындан 2 эсе көбүрөөк колдоно турган болсок, дүйнөлүк цивилизация эки эсе өнүккөн болоор эле. Мээнин калган “запасы” эмне үчүн керек экени окумуштуулар үчүн али белгисиз.
5. Акылдуулар менен дос болуу керек. Мээнин иштешин өөрчүтүү үчүн интеллектуалдык жактан өзүңүздөн акылдуураак адам менен баарлашышыңыз керек.
6. Жаңы өнөр пайдалуу. Адамдын өзүнө жат, эч качан жасап көрбөгөн ишти аткаруусу мээ үчүн абдан жакшы дары.
7. Сыйынуу, намаз окуу, медитация мээнин иштешин жакшыртат. Сыйынуу учурунда адам реалдык дүйнөдөн алыстайт, мээнин аналитикалык бөлүгү иштебейт, мээ толкундары жана кан басымы нормалдашат. Балким, ушул себептенби, кайсы динде болбосун, көп дуба кылган адамдар ооруканага азыраак кайрылышаары тастыкталган.
8. Реакция ылдамдыгы. Мээге келип- кеткен нерв сигналдарынын ылдамдыгы саатына 288 чакырым. Улгайганда бул ылдамдык 15 пайызга азаят.
9. Дүйнөдөгү эң акылдуу калк – жапондор. Алардын орто IQ көрсөткүчү (IQ – интеллектуалдык коэффициент) 111ге барабар. Катардагы адамдын IQ көрсөткүчү – 56.
10. Жөнөкөй адам кыска мөөнөттүк эс-тутумуна 7 маалымат сактай алат. Мисалы, «көйнөк, калем, алма, үй, акча, элик, жүрөк, пияз, аялдама, саат, отургуч, топчу, сезим, алтымыш» деген сөздөр чынжырчасынан жетөөнү сөзсүз жаттап каласыз (эгерде андан көбүн жаттап калсаңыз, сиз жөнөкөй адам эмессиз).
11. Ички туюмуңуз өзүңүздөн акылдуураак. Илимий изилдөө учурунда адамдарга татаал сүрөт көрсөтүлгөн. Биринчи жолу изилдөөнүн катышуучулары сүрөттө эмне көрсөтүлгөнүн эч ойлонбостон айтышкан да, жооптордун 92 пайызы туура чыккан. Экинчи жолу сүрөттү шашпай карап, изилдеп, ойлонуп туруп, анда эмне чагылдырылганын айтууну сунушташканда адамдардын эч кимиси туура жооп бере алган эмес.
12. Мээ эч качан чарчабайт. Бир күн кечке физикалык жумуш аткарган адамдын канында “чарчоо токсиндери” көбөйөт. Ал эми бир күн кечке интеллектуалдык жумуш аткарган адамдын мээсинде жүгүргөн кандын курамы эч өзгөрүлбөйт.
13. Мээнин 75 пайызы суудан турат. Андыктан, эс-тутумуңуз мыкты болуш үчүн күн сайын жетишинче суусундук ичишиңиз керек. Ал эми “арыктайм” деп керектелгенден аз тамак жегендер ашыкча салмак менен кошо эс-тутумун да жоготуп жаткандарын унутушпасын.
14. Мээ денеден кийин ойгонот. Эртең менен жаңы ойгонгон адамдын мээси эки түн катары менен эмгектенген адамдын же мас абалындагы адамдын мээсинен да жаман иштейт. Таң эрте денени ойготуу үчүн кандай көнүгүүлөр жасалса, мээ үчүн да бир аз интеллектуалдык көнүгүү пайда. Мисалы, ойгоноор замат сыналгы көрүүнүн ордуна кроссворд чечкен жакшы.
15. 5 жашар бала 50 жаштагы адамдан акылдуу. Адамдын мээсинин өнүгүү мезгили 2-11 жашка туура келет. Андыктан, так ушул мезгилден пайдаланып, балдардын акыл-эсине мүмкүн болушунча көбүрөөк «жем» берүү кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан