16 жашар канадалык мектеп окуучусу Жастин Бибер аз убакта популярдуу боло алды. АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн “American Music Awards” сыйлыгынын 38-сыйлык тапшыруу аземинде чоң ийгиликке жетишти. Башкача айтканда, негизги сыйлыктын бири болгон “Жылдын артисти” наамын алып кетти. Бул наамга Леди Гага, Кэти Перри, Эминем, Кеша сыяктуу популярдуу ырчылар талапкер эле. Мындан тышкары ал “Жылдын ачылышы” наамынын да ээси болду.