СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзон октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн Дүйнөлүк форумга катышып жатып, эс-учун жоготкон. Ооруканага тез эле жеткирилип, кайра мурунку абалына келген болчу. Ырчы көпчүлүккө тамакка уулангандыгын маалымдаган. Көрсө, анда жашырып коюптур. Кобзондун жүрөгү оорукчан экен. Жүрөгүнө операция жасатып, эми өзүн жакшы сезип калган чагы.