Чукугандай сөз таап, элди азил-тамашасы менен күлкүгө бөлөгөн, кээде обон созуп ырдап калган Борончу Кудайбергенов ыйман жолуна түштү. Тагыраагы, Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайтты. 25-ноябрь күнү Меккеден келген Борончу ажы тууган-уругун чакырып түлөө өткөрдү.
Биздин “эми сахнаны таштайсызбы?” деген сурообузга куудул “жок, таштабайм. Сахнага элди ыйманга чакырган чыгармалар менен чыгам” деп жооп берди. Эмне демекчибиз, ажыңыз кабыл болсун, Борончу ажы Кудайбергенов!