Ильяз Абдыразаков бизге берген маегинде “концертимден соң үйлөнөм” деп кубанган болчу. Гезит чыккандан кийин Ильяздын күйөрман кыздары телефонубузду тындырбады. Көптөн бери “Супер-почта” аркылуу сүйүүсүн Ильязга билдирип келген бир кыз Орусиядан чалып, буркурап ыйлап айлабызды кетирди. Айтор, Ильязды сүйгөн кыздар бизге, жадакалса ырчынын апасына да чалып, “эмнеге мени албайт?” деп ыйлап жүрүшөт. Кызык, ээ? Ильяз жалгыз, а көз жаш төгүп, ага турмушка чыксам деген кара көздөр көп...
Репертуарын жаңы ырларга толтурган Ильяз Андаш той-аштарда ырдап жүрүп, жаңы темир тулпар минди. Мерседес S 320 үлгүсүндөгү машинасын ары-бери айдаган Ильяз “Сен кайдасың?” деген орусча ырына клип тарттырып, кубанычтын кучагында.