“Сүйүп калдым, кантейин?” деген саптарды кайра-кайра кайталап ырдаган Эрлан Андашев сүйүүсүн тапты. Башкача айтканда, 7-класстан бери сүйүп жүргөн Перизат аттуу бийкеч менен баш кошкону жатат. 23 жаштагы ырчы Эрлан продюсеринин “быйыл коё тур” деген кебине көнбөй, үйлөнүүнү чечкен. Ошентип, 1 жылга жакын иштешкен продюсери Айбек Акматов менен ырчынын ортосундагы келишим бузулду. Бирок башкалардай бет карашпай калбай, продюсери Эрландын тоюна жардам берип жүгүрүп жүрөт.
Эрландын болочок жубайы Перизат Нарындын кызы. Улуттук консерваториянын бүтүрүүчүсү. Эки жаштын тою 28-ноябрда борбордогу кафелердин биринде өтөт.