“Кыз-Бурак” тобунан ырдап чыгып ысымы таанылган ырчы Айжамал Кабылованы билесиз да. Ал бактысын таап, бүлө куруп, эки баланын энеси болду. Эки жылдан бери Москва шаарында жашап келген. Эми ал үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келди. Себебин Айжамал: “Эки жылдан бери Жаңы жылды Орусиядан тосуп келгенбиз. Бул жылы кайын эне-кайын атамдын жана менин ата-энемдин башын бириктирип чогуу Жаңы жыл тосуу ниетибизди орундаталы дедик. Анан да чыгармачылыктан алыстап кеттим, сагындым. Жаңы ыр жаздырып, кийим тиктирип, сахнага жаңы имидж менен чыгайын деп турам. Жаңы эле Бишкектен 2 бөлмөлүү квартира сатып алдык. Ошол ак өргөөбүздө аталган жакшылыктарды күтөлү деген ак тилегибиз бар”,- дейт сүйүнүп.