23-ноябрь күнү Түндүк Корея коңшу жайгашкан Түштүк Кореяга тиешелүү Енпхендо аралын артиллерия менен аткылай баштады. Анда ондогон турак үйлөр жана имараттар талкаланды. Түштүк кореялыктар да жооп иретинде Түндүктү көздөй ок ачышты. Түштүктө 2 аскер жана 2 катардагы жаран каза болгону маалым болду. Түндүктүктөр азырынча өз тарабынан каза болгондор тууралуу кабар билдирише элек.
Пхеньяндын (Түндүк Корея) маалыматы боюнча, Сеул (Түштүк Корея) аткылоону биринчи баштаган. Ал эми Сеул тарап анын тескерисин айтууда. Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак ок ачкан коңшу өлкөнүн ракеталык майдандарын атууну буюрду. Түштүктүктөрдүн көмүскөдөгү “атасы” болуп келген АКШ азырынча эки Кореянын жаңжалына аралашуудан баш тартты.