Кубанычбек Төрөбаев: «СПОРТ МЕКТЕБИН ДУБАЙДАН ТЫШКАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА ДА АЧКЫМ КЕЛЕТ»

Жакында Бириккен Араб Эмираттарында “UNIVERSAL MARTIAL ARTS” аттуу жит-кун-до мектеби ачылды. Анын негиздөөчүсү чет өлкөдөгү абройлуу кыргыз азаматтарынын бири болуп саналат. Он жылдан бери Дубайда жашап келаткан таэквондо боюнча кара курдун ээси жана сегиз тилде эркин сүйлөй билген Кубанычбек Төрөбаев менен телефон жана интернет аркылуу байланышкан элек. Анда эмесе, кеп башынан болсун...

ЖЕКЕ АНКЕТАСЫ
Кубанычбек Төрөбаев 1975-жылдын 21-июлунда Баткен облусунун Самаркандек айылында туулган. Бою – 175 сантиметр, салмагы – 90 килограмм. Таэквондо боюнча кара курдун ээси (2-дан), кунг-фунун жит-кун-до стили боюнча кара курдун ээси (7-дан). Чынчылдыкты туу тутат. Пакистандын Лахор шаарындагы Ашрафия университетин бүтүргөн. Үйбүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун атасы. Учурда Дубайда жашайт.

“Жит-кун-до” кытайчадан сөзмө-сөз которгондо – “озуп кеткен муштум жолу” дегенди билдирет. Аны Брюс Ли 1967-жылы негиздеген. Ошондуктан, ал “Брюс Линин кунг-фусу” деген ат менен да белгилүү. Жит-кун-до кунг-фу, каратэ, бокс, айкидонун мушташ ыкмаларынын негизинде жаралган.

– Саламатсызбы, Кубан байке. Маегибизди балачагыңыз, ата-энеңиз, биртуугандарыңыз жө­нүндө баштасак...
– Атам Төрөбаев Муса, апам Төрөбаева Тургунай экөө тең ажы. Айылда орто жашаган үйбүлө­лөрдөнбүз. Мен үйдүн эң улуусумун. Менден үч жаш кичүү иним жана эки карындашым бар. Ал эми иним үйлөнүп, айылда ата-энем менен чогуу жашайт. Өзүм айылда өс­көм. Мектепте “4” жана “5” деген бааларга окучумун. Кичинекейимден спортко, ислам динине жана чет тилдерге кызыкчумун. Азыр орус, өз­бек, түрк, араб, урду, фарс, англис, испан тилдеринде эркин сүйлөп, жазып, окуй алам. Спорт­тон деле жакшы деңгээлдемин десем жаңылышпайм.
– Бала кезиңизде эле спортчу болом дечү белеңиз? Кунг-фуга кызыгууңуз эмнеден башталган?
– Мектепте окуп жүргөн кезде класстагы бардык балдардан коркчумун. Бир күнү мектептен таяк жеп ыйлап келе жатсам, бир аракеч мени көрүп: “Эмне ыйлайсың, сен атаңды тартканыңда атаман болот элең. Атаңдын жинине тийсек, ал бизди орок менен урчу. А сен эрктүү болбойсуңбу”,- деп жарым саат насаат окуду. Үйгө келсем “Альманах” деген телеберүү болуп жатыптыр. Анда Жет Линин Шао Линь жөнүндө тартылган киносу көрсөтүлүп жаткан экен. Бир өзү көп кишилер менен мушташып жатканын көрүп, “көп каршылаштарга каршы туруп жеке деле мушташса болот турбайбы. Өзүңдү көргөзсөң болот экен да” деп чыгыш мушташ өнөрүнө кызыгып, издене баштадым. “Мен билем” деген кишини издеп, ага кызмат кылып үйрөнүүнү максат кылдым. Бул максатта мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип, Жал кичирайонунда жашаган Молдалиев Талант байкеден жит-кун-до стилин үйрөнө баштадым. Кийин Кунг-фу федерациясынын президенти Мурзалиев Бусурманкул агайдан жекече окудум. Менин ушундай даражага жетишиме Бусурманкул агайдын эмгеги зор. Ал убагында СССРдеги эң мыкты чеберлердин бири болчу. Андан кийин Дубайда иштеп жүрүп ортодо Пекинге жакын жердеги «Янтай» жит-кун-до мектебинде баш-аягы эки жыл окуп келдим. Ал мектепте бир кезде Жет Ли жана Боло Янг сыяктуу атактуу адамдар окушкан экен. Жакында ал жакка кайра дагы барып, чеберчилигимди ашырып келсемби деп жүрөм.
– Сиз эмне себептен дал ушул жит-кун-до стилине кызыгып, муну менен алектенип калдыңыз? Анын башка уруш өнөрлөрүнөн эмне айырмачылыгы бар?
– Негизи, балачагымдан эле спортко активдүү катышып келгем. Мен спорттун бокс, каратэ, кикбоксинг, кулатуу, таэквондо, кунг-фу, айкидо, апкидо сыяктуу түрлөрү менен жакшы таанышмын. Учурда негизги алектенген спорт түрүм – жит-кун-до. Бул жөнүндө айтсам, аны убагында Брюс Ли чыгыштын бардык уруш өнөрлөрүнүн каймагын алып жараткан экен. Жит-кун-додо мен үйрөнүп чыккан бардык урушуу ыкмалары бар экен. Чыгыштын урушуу өнөрлөрүнүн ичинен азыркы кезде мыкты каршы чабуул жасап да, коргоно ала турган да стиль жит-кун-до болуп эсептелет. Бул стилдин күчтүүлүгүн мындан бил, адамдагы таалуу нерв чекиттерине сокку узатканда адам15 мүнөттөн 2 саатка чейин эсин жоготот. Эгер убагында билгенимде, анда башында эле убакытты уттурбай жит-кун-до менен эле машыгат элем. Учурда хоббим да, жумушум да жит-кун-до болуп калды.
– Андай болсо учурда Дубайда хобби менен жумушту айкалыштырып жаткан турбайсызбы. Ал жакка кантип барып калдыңыз эле?
– Мен Бишкекте жүргөндө спорт менен машыккандан тышкары бош убагымда таксист болуп иштедим. КРнын Кунг-фу федерациясында вице-президент кызматын аркаладым. Анан спортко болгон кызыгуум мени Орусия, Пакистан жана Дубайга чейин алып барды. Алгач Нижний Новгород шаарында эки жыл жеке менчик күзөт кызматында инструктор болуп эмгектендим. Кийинчерээк Пакистандын Лахор шаарындагы “Райвант Таблиг” борборунда жана Ашрафиа университетинде окудум. Дубайга да окуу жана иштөө үчүн баргам. Бир жылдык колледжди да окуп бүтүрдүм. Пакистандан Дубайга барууга мага Араев Абдыжапар жана Өмүрзаков Камчыбек байкелер көмөк көрсө­түштү. Учурда “Дамас” курулуш компаниясында агент болуп иштейм.
– Албетте, сиздин ушундай жолдорду басып өтүп Дубайда кунг-фу мектебин ачкандыгыңыз кубандырбай койбойт. Мектеп ачууда кыйынчылыктар болдубу, канча каражат сарптадыңыз?
– Мындан эки жыл мурда Дубайда Уруш искусствосу академиясында жит-кун-додон инструктор болуп иштегем. Бул академияны орусиялык Владимир Бурдан менен атактуу мушкер Костя Цзю экөө ачкан экен. Мектеп ачуу идеясы ошондо иштеп жүргөндө эле жаралган. Ачууга 70 миң доллар каражат сарптагандан кийин универсалдык урушуу искусствосунун жит-кун-до мектебин ачтым. Азыр иштегенине бир жарым жыл болду. Мындай мектепти ачуу өтө деле кыйынга турган жок, себеби, башка бизнести ачууга жарым миллион каражат керектелет. “Таанышың болсо ишиң илгери болот” дегендей, мага мектепти ачууга устатым Шейх Мухаммад Абдуроб жардам берди. Учурда Дубайда ар кандай кызматта иштеп жүрүшкөн 200гө жакын мекендештерибиз бар. Биз КРнын Дубайдагы консулу Анвар Токтокожоев менен бирге “Ынтымак” деген кыргыз диаспорасын түзгөн­бүз. Дем алыш күндөрү жолугушуп, футбол ойноп турабыз.
– Учурда эмне менен алектенүүдөсүз? Машыгуучулардын көбүн кимдер түзүшөт?
– Күнүмдүк күн тартибим боюнча жогоруда айтып өткөн “Дамас” компаниясынын иштерин бүтүрөм жана түштөн кийин өз залыма барып сабак берем. Окуучуларымдын арасында Дубайдын 50дөй полиция кызматкерлери да бар. Полиция кызматкерлери бардык мушташ өнөрлөрүнүн ичинен жит-кун-дону тандашат. Анткени, каратэде алгач коргонууга көңүл бурулса, жит-кун-донун техникасы боюнча тез контрчабуулга өтүүгө чоң маани берилген. Негизинен, алар кечкисин жумуштан бошогондо келип машыгышат. Жакында Дубайдын эмири Шейх Мухаммад бин Рашид аль Мактуумга караштуу спорт залы менен келишим түздүм. Эми ал залдын программасына кунг-фу боюнча сабактар да киргизилип, мен да кошумча жаңы жумушка жана машыгуучуларга ээ болдум.
– Өзүңүз спортчу катары кайсы мелдештерге катышып, кандай ийгиликтерге жетишкенсиз?
– Таэквондо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү болсом да көзгө көрү­нөөр­лүк жетишкендиктерге жетишкен эмесмин. Таэквондо боюнча даражаларга атайын көнүгүү­лөрдүн системасын аткарып, спаррингге чыгып жетишкем.
– Ошол эле “Дубайга барып машыгам” деген кыргыздар болсо колдойт белеңиз?
– Мыкты жаштарга Кыргызстанда эле жакшы шарттарды түзүп берсе болот деп ойлойм. Өзүм ар кандай шарттарга байланыштуу чоң спортчу боло албасам да, жаш таланттуу балдарга колдоо көрсөткүм келет. Мен мекениме аябай күйөм. Патриоттук сезимим мекендештериме келечекте ар тараптан колдоо көрсө­түүгө түртөт. Келечекте Бишкек жана Ош шаарларында жит-кун-до мектептерин ачууну пландаштыргам. Бул үчүн мыкты машыктыруучулар да бар. Мен Кытайда окуп жүргөндө чеберлерди көрүп биздин машыктыруучулар чындыгында мыкты экендигине ынангам. Кытайдагы чеберлер биздин чеберлерге техника жана ылдамдык жагынан жетпейт экен. Алсак, Бусурманкул агай секундасына он сокку жасай алат. Ал эми дагы бир чебер Макен Исакович өлкөбүздө тиешелүү шарттардын жоктугунан Орусияда иштеп жүрөт. Мен негизи эле спортко мамлекет тарабынан көңүл бурулса дейм. Анткени, спортчу барган жерде өлкөнүн желеги желбиреп, мамлекет таанылат эмеспи.
– Дубайдагы жашоонун Кыргызстандан айырмасы барбы? Ал жактын эли жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
– Айырмасы, экономикасы күчтүү, эли ынтымактуу, ыймандуу, сабырдуу келишет. Үч жылдан бери Кыргызстанга бара элекмин. Ата-энем Дубайга келип турушат. Жергиликтүү адамдардын орточо айлык акысы – 8 миң доллар, ал эми чоң кызматтагылардыкы – 15 миң доллар. Европа улутундагылар алардан бир нече миң доллар аз алышса, орустар жана орто азиялыктар орточо 3 миң доллар алышат.
– Ал жакта үйбүлөңүз менен турасызбы? Бош убакытыңызды кантип өткө­рөсүз?
– Ооба, бул жакта мен үй­бүлөм менен жашайм. Болочок жан шеригимди сүрөттөн көрүп эле жактырып калгам. Аты-жөнү – Гүлзат Төрөбаева. Дайыма жанымда колдоп жүрөт. Экөө­бүздүн Муслима, Мадина аттуу кыздарыбыз жана Мухаммед аттуу уулубуз бар. Үйдө өз эне тилибизде сүйлө­шүп, кыргыз салттарынын негизинде жашайбыз. Үйдө жаным Гүлзат бешбармак жасап үйбүлө менен чогуу отурганыбызда жана мекендештерибиз менен бири-бирибиздикине конокко барганда Кыргызстанда жашап жаткандай эле болосуң. Бош болгондо эле үйбүлөм менен болууга аракет кылам. Жумасына бир күн болсо да балдарыбыз менен сейил бакка барып эс алабыз.
– Биз менен байланышып маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан