Күздөн бери Бишкектин бир топ көчөлөрүндө оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Шаар башчы Иса Өмүркуловдун айтымында, келерки жылы 30га жакын көчөлөрдө оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлөт. “Ириде Бейшеналиева, Рыскулов жана Чапаев көчөлөрүнүн жолу жаңыланат”,- деди мэр. Андан сырткары Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов кесилишинен баштап Алматы көчөсүнө чейинки жолго кайрадан асфальт төшөлмөкчү. Мунун баарына 600-700 миллион сомго жакын каражат сарпталат.
Ошондой эле Бишкектин мэриясы былтыркыга салыштырмалуу 40 миллион сомго көбүрөөк салык жыйналганын кабарлады.