“Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн кичи мекенинде “айттымбы, аткарам!” деген эки сөзү менен таанылган. Эскерте кетсек, “республикачылар” үгүт кербенинде Кыргызстанга жомоктогудай жашоо алып келебиз деп сөз беришкен. Мисалы, “электр энергиясын өз баасында сатуу”, “7 пайыздык насыя” жана “жаратылыш газын 2,5 эсеге арзандатабыз” деген сыяктуу ураандары миң кайталанып айтылган.
Ошол убадаларды эске алган “Алиби” гезити Бабанов мырза өз чөнтөгүнөн 7 пайыздык насыя бере баштаганын кабарлайт.
Анан да Өмүрбек Бабанов коалиция түзүү учурунда өкмөт башчылык менен төрагалык кызматтан баш тартыптыр. Мунусу өзүнөн тажрыйбалууларга жол ачканыбы же жоопкерчиликтен качканыбы?