Борбор калаабыздын аталышын өзгөртүү сунушталды. Ал демилге “Манас киноэпопея” уюму тарабынан көтөрүлүп, баш калаа Бишкек эмес, Манас болушу керектиги айтылды. Андан сырткары аталган уюм “Манас” мыйзамынын долбоорун талкуулап жатат. Аны коомдук ишмер жана президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жетектөөдө.
Маалымат үчүн: Баш калаабыз 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып, андан соң революциячы Михаил Фрунзенин ысымына которулган. Ал эми 1990-жылы эгемендиктин шарапаты менен борбор шаарды Бишкек баатырдын атынан коюу чечими чыгарылган.