Мурун көмүскөдө иш алпарчу кримчөйрө акыркы күндөрү Кыргызстанда ачыкка чыгып, бийликке умтулуп жатканы жашыруун эмес. Муну президент Роза Отунбаева да айтып өттү. “Бүгүн айрымдары мандатына таянып алса дагы, мыйзам боюнча аларга карата кылмыш иши козголушу зарыл. Кандайдыр бир жолдор менен парламентке кирип алышканына карабастан, биз сөзсүз аларды суракка чакырабыз”,- деди ажо.
Парламенттик шайлоонун алдында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “криминалды жок кылабыз” дегени да жадыбыздан чыга элек.