102 билдирет
ҮСӨН СЫДЫКОВ МЕНЕН ИСХАК МАСАЛИЕВДИН СОТУ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ
Президенттин администрациясынын экс-жетекчиси Үсөн Сыдыков жана Коммунисттер партиясынын мурдагы лидери Исхак Масалиевдин соту жылдырылды. Буга Сыдыковдун дарыланууда жүрүп, сотко келбей калганы себеп болгон. Сот иши 10-декабрга калтырылды.
ШИРИН АЙТМАТОВАНЫН УНААСЫН ТОНОП КЕТИШТИ
Милицияга берген арызында айтылгандай, ЖКнын депутаты Ширин Айтматованын автоунаасын 26-ноябрь күнү саат 20:30да белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Окуя депутат Бишкек шаарынын Турусбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Народный” дүкөнүнө кирип кеткенде болгон. Кылмышкерлер машинанын алдыңкы каптал терезесин талкалашып, ичинен сумканы алып кетишкен. Анда документтер жана телефон болгон. Иликтөө жүрүп жатат.
3 АДАМ КАЗА БОЛДУ
28-ноябрда саат 20:20да Тоң районундагы Оттук айылында Фольксваген автоунаасы жолдун чекесинде токтоп турган КамАЗ машинасына барып урунган. Жыйынтыгында 1965-жылы туулган Фольксваген машинасынын айдоочусу К.Койгелдиев, жүргүнчүлөр 2006-жылы туулган Курманбек уулу Дастан жана Жамал аттуу аял (толук аты-жөнү такталып жатат) каза болушкан.
КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАН КАРМАЛДЫ
27-ноябрь күнү Казакстандын аймагында Бишкек-Новокузнецк поездинен 2 килограмм героин табылган. Баңгизат Кыргызстандын жараны К.Ш. аттуу айымдын жүктөрүнүн арасында болгон.
МАШИНА ЭКИГЕ БӨЛҮНҮП КЕТКЕН
26-ноябрда саат 19:30дар чамасында Бишкек-Ош жолунун 448-чакырымында 23 жаштагы С.Ш. Мазда автоунаасы менен Мерседес Бенц унаасын коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда машинасы экиге бөлүнгөн. Натыйжада 47 жаштагы П.Х. аттуу аял жана 2 жашар А.Т. аттуу кыз каза болгон.
АВТОБУС КЫЗДАРДЫ СҮЗҮП КЕТТИ
1-декабрь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы Ак үйдүн тушунда жол кырсыгы катталган. Жүргүнчүлөрдү ташуучу №7-автобус жолдун жөө жүргүнчүлөрү өтүүчү жеринен эки студент кызды коюп кеткен. Кыздар, бактыга жараша, аман калышкан.
АШКАЗАНДАГЫ БАҢГИЗАТ
26-ноябрда “Ак жол” чек ара постунан Чүй облусунун 43 жаштагы тургуну Т.А. кармалган. Ал адам ашказанында героин салынган 63 даана капсуланы алып бараткан жеринен кармалды. Медициналык жол менен Т.Анын ашказанынан бардык капсулалар алынган. Анын Орусиянын шаарларынын бирине баратканы анык болду.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.
101 билдирет
ҮЙЛӨР ӨРТКӨ КЕТТИ