Акыркы күндө ММКларда "Альбина Жанабаева "ВИА Гра" тобунан кетип, жеке ырчы болот экен" деген маалымат тарап кеткен. Бул маалыматты топтун пресс кызматчысы жокко чыгарды. "Жанабаева кетпейт, тескерисинче, узак мөөнөткө калуу ою бар" деген сөзүн айтты. Эскерте кетсек, Альбина Жанабаева бул топто 6 жылдан бери ырдап келет.