Анжелина Жоли Камбоджанын жетим балдар үйүнөн уулу Мэддоксту багып алган. Андан кийин актриса бул жердин элине көп эле материалдык жардамын көрсөтүп келет. Эл Жолиге ыраазычылык билдирүү максатында XII кылымда курулган "Та-Пром" ("Ta Prohm") деп аталган чиркөөнү эми расмий эмес түрдө "Анжелина Жоли атындагы" деп атай башташты.