Ар кандай ролду тартынбай аткарган комедиялык актёр Лесли Нильсен 84 жашында дүйнө салды. Ал үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өпкөсү сезгенип, ооруканага жаткан эле. Карылык бул ооруну көтөрө албай койгон көрүнөт. Нильсен бул күнгө чейин 100дөн ашык тасмада роль жараткан.