“Супердин” тандоосу боюнча “Жылдын супер куудулу” наамына талапкер Талант Анарбаев өзүнө окшош уулдуу болду. Наристе 22-ноябрда Ош шаарында 3 килограмм 200 грамм салмакта жарыкка келди. Эки жылдан бери балалуу болууну ак эткенден так этип күтүп келген куудул уулу төрөлгөндө гинеколог, акушер, мээрман айымын кошуп бапырата сүйүнчү берип, кубанычы коюнуна батпай жүрөт.