НАЗМИНИН САПАРГА ТААРЫНЫЧЫ ЧОҢ

Назми-Сапар дуэти элдин эсинде жакшы эле калды болуш керек. Чыгармачылык табыштырган достордун ортосундагы мамиле, айрымдар шекшигендей, сүйүүгө эмес, бир тууганчылыкка айланган эле. Эгиздердей ээрчишип, сахнада бири-бирине жөлөк болуп жүргөн ырчылардын ортосуна жарака кетиптир. Назминин атасы май айында каза болгон. Достун чын-жалганы ушундайда билинет дегендей, Назминин агасын байкелеп, апасын өз апасындай көрүп жүргөн Сапар эмдигиче куран окутуп бара элек экен. Ошентип, аралары сууган ырчылар чогуу иштешпей калышты. "Бирок Сапар дагы эле Назми-Сапар дуэти деп чай-концерт уюштуруп жатканын түшүнүү кыйын",- дейт бизге суроо менен кайрылган ырчы айым.
Бул боюнча Сапар: “Мурунку концерттеримдин чакыруу кагазында “Назми-Сапар дуэти” деп жазылган. Анда Назми төрөй элек болчу. Азыркыларын “Рахат” бий театрынын жетекчиси Камчыбек байке менен уюштуруп жатам, бирок Назми катышуучу катары бар”,- деди. Назми болсо: “Биз канча убакыттан бери сүйлөшө элекпиз. Анан менден бир ооз сурабай туруп чакыруу кагазына “катышуучу” деп жазып алганына түшүнбөй турам”,- дейт нааразылана.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nuraym
2010-12-09 06:37:53
Бири Бек байкенин,экинчиси Айчурок эженин окуучулары.Эгерде Бек менен Айчурок экоо бир-бирин тушунушкон адамдар болгон болсо,анда булар деле бир-бирин эн жакшы тушунушот.Айтаарым,башкы коч кайда кетсе,аяккы коч ошол жака барат.
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан