“Кыз-Бурактан” таанылган Айжамал Кабылова, Кенже Дүйшеева, Гүлнара Калдарова аттуу ырчы кыздар турмушка чыгышкандан кийин келишим бүтүп, өз алдынча кетишкен. Эми алар “АКГ” деп аталып, сахнага чыгышат. Учурда бул сулуулар белгилүү ырчы мырза менен дуэт ырдашат. Ал ким дебейсизби. Ал – Бек Борбиев. Алар жакында Бек мырзанын “Шерине” аттуу ырын чогуу ырдап чыгышат.
Ырчы Тынай Алыбаев “Жол өмүр” аттуу жаңы ыр жаздырып, артынан тез эле клип тартканы жатат. Ырды Алыбаевге обончу Бакыт Алишеров менен акын Кыялбек Урманбетов белек кылышкан.
“Бекчоро үйлөнүп алып неге көрүнбөй кетти?” деген суроо туулбай койбосо керек. Сураштырсак, өзгөчө стилдин ээси кыштын ызгаарында да үйүнүн төбөсүн тургузуп жаткан экен. “Кышында көчүп кире албасам да, жазында ак өргөөмө үй-бүлөм менен кирсем деген ниеттемин”,- дейт Бекчоро.
“Чыгармачылык – менин хоббим” деп эсептеген ырчы Жанэл кышкы сезонго ылайыктуу ишке орношту. Бул ырчы кызды эми Төө-Ашуудагы лыжа тебүү базасына барып калсаңыз, акча эсептөөчү кассадан көрөсүз. Анткени ал жерде Жанэл кышы бою эсепчи болуп иштейт. Ырчы буга чейин да ушул сыяктуу иштерде иштеп келген. “Тапкан акчама ыр жаздырып, клип тарттырып, чыгармачылыгымды өстүрөм”,- дейт ырчы.
Ырчы Аскат Мусабеков 12-декабрда Улуттук филармонияда жеке концертин берет. Концертти белгилүү ырчы-куудулдар, комузчулар коштойт.