“Супер-Инфонун” тандоосунда “2010-жылдын супер ыры” наамына ээ болгон Мирлан Баековдун аткаруусундагы “Кызыл өрүк” ыры талашка түштү. Башкача айтканда, “Кызыл өрүктүн” автору Мирлан Алыкулов аткаруучуга нааразы болуп редакциябызга келди. Мирлан Баеков бизге берген маегинде “ыр – тапкандыкы эмес, баккандыкы” деген эле. Мирландын бул сөзүнө териккен автор мындай дейт: “Мирланга нааразымын. Ырымдан улам популярдуу болгонуна рахмат айтпаптыр. Мен ага ырымды “багып бер” деп берген эмесмин, өзү жалдырап келген. Ушул ырымды Султан Садыралиев Өмүрбек аттуу досумдан суратканынан берген эмесмин. Себеби ал менин таанышым эмес эле”. Автордун сөзүнөн улам биз Мирлан Баеков менен байланыштык. Көпкө созулган талашып-тартышуудан кийин Мирлан Баеков: “Жакында берчү концертибизде сага сюрприз даярдап жаткан элек, шашпай турсаң болмок”,- деп автордон кечирим сурады.