“Версус” бий тобунан эки кыз кетип, топ кайрадан жаңыланды. Бул тууралуу топтун жетекчиси Айпери: “Элина Абай кызы менен Асел Койчиева мага эч нерсе деп айтпай эле топтон кетип калышты. Аны да тааныштарымдан уктум. Менимче, бул жоруктары туура эмес. Мага биринчи айтышса, каршы болбойт элем. Алмаштырылгыс адам болбойт, алардын ордуна кирем дегендер четтен табылат”,- дейт.
Учурда Элина менен Асел “Арууке” деген топ ачып, 4 кыз болуп бийлей башташты.