"Ак кар, ак кар. Сенде балалык сезим бар" деп ырдаган Жылдыз Тутуева апакай кар жааган мезгилде кыздуу болду. Мындан 9 жыл мурун, 5-декабрда улуу кызы Ранеля төрөлгөн. Эми да ушул күнү экинчи кызын төрөдү. Мына сага дал келүү! "Ысымын кылдаттык менен тандайбыз",- дейт ырчы айым. Бешик бооңор бек болсун!