Гүлшайыр Садыбакасова: “Өткөн саныңарда топко тийишип макала жаздыңар эле, “Кыз-Бурак” ойгонуп, ишке киришти”,- деп кебин баштады. Май айында кастинг аркылуу 8 бийкеч топко алынган. Алардын бири негизги курамга кирди, калганы даярдоочу тобунда. Курамга кирген жаңы ырчынын аты-жөнү – Наргиза Айтемирова. 19 жаштагы Наргиза болочоктогу журналист экен. Гүлшайыр айым: “Наргиза – биздин жаңы жылдызыбыз. Келечекте топко көп ийгилик алып келет деген ишеничим бар”,- дейт.