Сыймык Бейшекеев учурда толкунданып турган кези. Себеби анын ысымы жаңы курулуп жаткан 6 кабаттуу ак өргөөгө ыйгарылды. Баш калаабызда жайгашкан үйдү куруп жаткан Бакыт мырза Сыймык Бейшекеевге кайрылып: “Үй курайын деп турам. Ал жерде жалаң сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлаган инсандар түтүн булатышат”,- деген. Буга ырчы макул болгон. Куруучулар учурда үйдүн 90 пайыздык иши бүтүп калганын, жазга жакын толугу менен аягына чыгарын айтышты.
Ал эми ырчы: “Өргөөгө ысымымды коёбуз дегени мен үчүн чоң сыймык. Буюрса, жазында салтанаттуу түрдө ачып, уулума же Авазга ушул жерден үй алып берем деген ниетим бар”,- дейт.
Үйдү көрүү үчүн барганыбызда ал жерден Сыймык мырза жана анын бир нече күйөрмандарына кезиктик. Алардын баары сүйүктүү ырчысы Сыймык Бейшекеевдин урматына коюлганы үчүн ушул үйдөн квартира сатып алмакчы болуп турушканын кабарлашты.