Бир бүркүм... ЖАШ БАЛДАР МАЙМЫЛДАР АРАЛЫНДА ЭС АЛЫШУУДА...
Президент Роза Отунбаева 10-декабрда КМШ, ЖККУ жана ЕврАзЭС жыйындарына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти.
Чүй облусунун Кемин районунда 8-декабрда катуу шамал болуп, оорукана менен мектептин чатырлары зыян тартты.
Экс-президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиевге карата кылмыш иши 15-декабрда караларын Аскердик сот билдирди.
7-декабрь күнү Ош шаарынын түштүк-батыш тарабынан 80 чакырым алыстыкта жер титирөө болуп өттү. Зилзаланын күчү 6-6,5 баллга чейин жеткен.
8-декабрда Алай районунда дагы жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Алай тоо кыркаларында орун алып, анын күчү 4 баллга жеткен.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8-декабрда эле бир күндүн ичинде 28 миллион метр кубга азайды.
Ош шаарында июнь окуясында жабыр тарткандардын көз карандысыз маалымат топтому түзүлдү. Анда 1 миң 347 үй-бүлө жөнүндө маалыматты табууга болот.
Транзиттик ташуу борборуна нефти продукту сатуудан экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү жылына 100 миллион долларга чейин киреше таап тургандыгын Роза Отунбаева билдирди.
Президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Үсөн Сыдыков жана экс-депутат Исхак Масалиевдин соту 10-декабрда болмокчу.
Шамалды-Сай ГЭСинин күзөт башчысы Алмаз Жанаев дайынсыз жоголду. Куткаруучулар азырынча аны таба элек.
Быйылкы жылы Кыргызстан Казакстанга 37,2 миллион киловатт электр тогун берет.
Июнь окуяларында жабыркаган балдар Кытайдагы Маймылдар аралына жөнөтүлүшүп, жапайы макакаларды көрүштү. 7 жаштан 15 жашка чейинки 50 бала Кытайдын эң мыкты Санья курортунда эс алып жүрөт.
Ош шаарынын казысы Шакир Маматов 53 мечиттин имамы менен жолугуп, анын ичинен бешөөнү ишинен бошотту.
Мамлекеттик «Кабар» агенттигинин 7 кызматкери иштен кетүү боюнча арыз жазышты. Ага жетекчиликке болгон нааразычылык себеп.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.