Бишкек шаар башчылыгы Жаңы жылга карата түрдүү даярдыктарды жана иш-чараларды баштоонун алдында турат. Ал үчүн мэрия 2 миллион 700 миң сом бөлгөн. Учурда “Ала-Тоо” аянтына 22 метр бийиктиктеги металл түркүк орнотулуп, ага кадимки карагайдын бутактары илинип, Жаңы жылдык балаты тигилүүдө.
Мэриянын маалыматы боюнча, баары биригип шаарда 5 балаты орнотулмакчы. Ошондой эле чоң көчөлөрдү бойлой 80ге жакын майрамдык көрнөк-жарнактар илинет.