Эл аралык PISA изилдөө программасы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын билим деңгээлин текшерип, анын жыйынтыгында Кыргызстан акыркы орунду ээледи. Ал эми коңшу Казакстан бизге салыштырмалуу алдыңкы катарда. Бул изилдөөдө 65 өлкө катышып, анын ичинен Кытайдын окуучулары бардык сабактар боюнча мыкты көрсөткүчтү беришкен. Айрыкча шанхайлыктардын чыныгы “кичинекей окумуштуулар” экендиги белгилүү болду. Андан кийин Корея, Финляндия, Гонконг, Сингапур жана башка өлкөлөрдүн окуучулары “мыкты” деп табылган. Изилдөө математика, китеп окуу, логика, химия, биология, физика жана география сабактары боюнча жүргүзүлгөн.