Жаңы жылдан баштап Орусиянын өкмөтү соода тармагында иштеген мигранттардын эмгегин пайдаланууга тыюу салды. Орусиялык ишкерлердин 2011-жылдын 1-январынан тарта алкоголдук ичимдик, дары-дармек саттыруу үчүн базар жана дүкөндөрдө иштөөгө чет жердик жарандарды жумушка алууга укугу жок болот.
Мындай жагдай көптөгөн мекендеш мигранттардын жумушсуз каларына алып келиши толук ыктымал. Кыргызстанга жылына 1 миллиард доллардан ашуун акча эмгек мигранттарынын эсебинен которулуп келерин эске алсак, Орусиянын кезектеги сыноосу Кыргызстан үчүн кымбатка түшөрү анык.