Экс-президент Курманбек Бакиев жергиликтүү басылмалардын бирине кеңири маек берди. Ал үчүн Бекен Назаралиев аттуу журналист атайын Беларуска барып келген имиш. Баарлашуудан үзүндү келтирсек, маек мурдагы ажонун ден соолугу мыкты экендиги менен башталган. Ал айрым ушактарды четке кагып, эч кандай аялын уруп, ичип кетпегендигин айткан. “Ой, тобо! Жеңең үйдө эле. Сени келет деп, ашканада тамак жасап жүрөт. Кичүү балдарым мектепке кетишти. Азыр ойлосом, кичинекей балдарым болбогондо, мага өтө оор болмок экен. Алар жашоого дем беришти”,- деген жообун узаткан.
Апрель окуясы боюнча сот ишине токтолуп, кылмышты иликтөөнүн учун Таластан баштоо керектигин айтып кеңеш да бериптир. “Генерал Конгантиевди кордогондордун бирөөсүнө кылмыш иши козголдубу? Жок!”- деп демиткен.
Туулган жеринен куулуп калганы таасир эткенби, айтор, Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү өрттөлүп кеткен үйүнө токтолуп: “Ал жактан орун алган майыптар жашап тура беришсин”,- дептир.