Белгилүү бокс промоутери Дон Кинг АКШнын Кливленд аэропортунда жүктөрүнүн ичиндеги курал-жарактар менен кармалды. 79 жаштагы промоутер учакка өзү менен кошо ок-дары алып кирмекчи болгон. Аба майданынын коопсуздук кызматкерлери ок-дарыларды алып, Кингге учууга уруксат беришкен. Сапарын улаган промоутер Флоридага аялын акыркы сапарга узатуу үчүн бараткан. Азырынча журналисттер бул окуя боюнча баш каармандын өзүнөн комментарий алыша элек.
Кошумчалай кетсек, Дон Кинг 1970-жылдардан бери промоутерлик менен алектенип келет. Түрдүү жылдарда ал атактуу мушкерлерден Леннокс Льюис, Эвандер Холифилд, Майк Тайсон, Рой Жонс өңдүү мушкерлер менен иштешкен.