Теннис тарыхындагы атактуу спортчулардын бири, америкалык Пит Сампрас оор күндөрдү башынан өткөрүүдө. Ал 100гө жакын сыйлыктарын уурдатты. Уурдалган сыйлыктардын ичинде 13 чоң шлем түркүмүнө кирүүчү башкы сыйлык, Дэвис кубогунун 2 сыйлыгы жана АТРдин 64 сыйлыгы бар. Теннисчинин өзү бул тууралуу мындай дейт: “Мен сыйлыктарымды балдарыма көрсөткүм келген. Анткени алар менин оюндарымды көрбөй калышты. Жок дегенде сыйлыктарымды көрсө дегем. Мен азыр оор абалда турам. Сыйлыктарым менен кошо менин бүт теннистик жашоомду уурдап кетишкендей...”