14-декабрда Москвада Футбол Үйүндө XIX Эл аралык “Шериктештик кубогу-2011” мелдешинин чүчү кулак таштоо аземи өттү. Кыргызстандын намысын коргой турган кочкор-аталык “Нефтичи” “А” тайпасынан орун алды. Ушул күндөрү чемпионубуз кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгондугу, Шериктештик кубогуна кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу эмки сандарыбыздан окуй аласыздар.
“А” тайпасы
“Интер” (Азербайжан), “Искра-Сталь” (Молдавия), “Истиклол” (Тажикстан), “НЕФТИЧИ” (КЫРГЫЗСТАН).
“В” тайпасы
"Тобол" (Казакстан), "Сконто" (Латвия), "Мика" (Армения), "Бунёдкор" (Өзбекстан).
“С” тайпасы
"Зенит" (Орусия), "Небитчи" (Түркмөнстан), "Шахтёр" (Беларусь), "Флора" (Эстония).
“D” тайпасы
"Динамо" (Украина), “ХИК” (Финляндия), "Экранас" (Литва), Орусиянын жаштар курама командасы.