АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ЖЕРДЕШТЕРИБИЗДИ САБАП КЕТИШТИ
12-декабрь күнү Москва шаарында болуп өткөн баш аламандыктан кийин биздин жарандар да жабыркашты. Көчө шыпырып иштеген 6-7 кыргызстандык жаран жумушка чыгышканда агрессивдүү маанайдагы топ сабап кеткен.

ОШТО ИРИ ӨЛЧӨМДӨГҮ КУРАЛ-ЖАРАК ЖАНА ОК-ДАРЫ ТАБЫЛДЫ
2010-жылдын 11-декабрь күнү Ош шаарында П.Э. айдап бараткан Мерседес Бенц машинасы токтотулган. Автоунааны тинтүүдө ичинен снайпер тапанчасынын оптикалык мээлегичи, 49 даана ок табылган. Ошол эле адамдын көрсөтмөсү менен Увам каналынын жээгинен жерге көмүлгөн 2 даана Калашников автоматы, ага кошо 335 даана ок, 2 даана колго жасалган бомба табылган. Андан сырткары аталган каналдагы көпүрөнүн түбүнөн 5 металл кутуда 15 килограмм аммиак селитрасына окшош зат табылган. Ар бир кутуга зымдар туташтырылган. Алардын арасында 1 даана Калашников автоматы, 3000ден ашык ок бар экен. Мындан сырткары куралдардын шаймандары чыккан. Бул куралдар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

ТАҢДАГЫ КАГЫЛЫШУУ
12-декабрь күнү саат 06:45те Бишкек шаарынын Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. E5344D мамлекеттик номурлуу Мерседес Бенц машинасы менен B8660BI мамлекеттик номурлуу Дайхатсу машинасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Дайхатсунун айдоочусу каза болгон. Андан сырткары эки адам жаракат алган. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

ШЕКТЕЛГЕН АК ХАЛАТЧАНДАР
Ноокат райондук “Барын” үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Каржы полициясы тарабынан кылмышка шектелип жатышат. 2010-жылы бул мекемеде 4 даана УАЗ-3962 үлгүсүндөгү “Тез жардам” машинасы "ишке жараксыз" деп табылган. Аталган 4 машинанын экөөсү 31 миң сомго сатылган. Бирок кассага 23 миң сом гана түшкөн. Калган 8 миң сомдун тагдыры белгисиз. Андан сырткары ишкананын иш-кагаздарына ылайык, жараксыз деп табылган машиналарга 2009-2010-жылы 1940 литр күйүүчү май коротулган. Бул иштер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

УРМАТ БАРЫКТАБАСОВДУН ИШИ БҮТТҮБҮ?
“Бийликти басып алуу максатында баш аламандык уюштурду” деген кине менен кармалган Урмат Барыктабасовдун тергөө иши соңуна чыкты. Бул тууралуу 15-декабрь күнү УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев басма сөз жыйынында билдирди. Эми кылмыш иши Башкы прокуратурага берилип, ал текшергенден кийин сотко жөнөтүлөт.

101 билдирет

ҮЧ БАЛАНЫ САКТАП КАЛЫШТЫ
11-декабрь күнү саат 11:21де Кызыл-Кыя шаарынын Юбилейная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан. У.Исабаевге таандык күйүп жаткан үйдөн өрт өчүрүүчүлөр 3 баланы сактап калышты. Үйдүн ичиндеги буюмдар толугу менен күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын туура эмес туташтырылганынан келип чыккан.

12 ТОННА ЧӨП КҮЛГӨ АЙЛАНДЫ
13-декабрь күнү саат 12:43тө Ат-Башы районунун Калинин айылындагы Д.Асанакуновдун үйүндө өрт катталган. Өрттүн натыйжасында 12 тонна чөп күйүп кеткен. 20 жаштагы жигиттин чеккен тамекиси өрттүн чыгышына себеп болгон.

ТОЙОТА КАМРИ ӨРТТӨНДҮ
10-декабрь күнү саат 20:50дө Бишкек шаарынын Махатма Ганди көчөсүндө Тойота Камри машинасы күйүп баштаган. Э.Райымбековго тиешелүү казакстандык А20056 LRO номурлуу машинаны өрт өчүргүчтөр 40 мүнөттө өчүрүп бүтүшкөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан