Руслан Мамасадыков:
– Бул ырдын тексти меники. Ырды ушул жылдын февраль айында жазгам. Ал эми обону Ильяз Абдразаковдуку.
“Арманым” менин башымдан өткөн армандуу махабаттан улам жаралган. Мындан эки жыл мурун мен сүйүүмдү арнаган адамга жолуккам. Эмнегедир бактым ошол адам менен деп ойлочумун. Экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнчүбүз. Эки жылдын ичинде сүйүктүүм менен кандай сонун бактылуу мүнөттөрдү өткөрдүк. Бирок, ошол бактылуу күндөрдө армандуу сүйүүгө кабылганымды, ак сүйүүмдөн адашып жалгыз калаарымды сезген эмес элем. Бир күнү сүйгөн кызым күтүүсүздөн жумушума келип, Алматыга кетип жатканын, мени менен коштошкону келгенин айтты. Буга чейин анын Алматыда курбу кыздары иштээрин билчүмүн. “Айтып жүргөн курбу кыздарым мага ошол жактан жумуш таап, мени чакыртып, алтургай, кошо ала келгиле деп тигил жигиттерди жөнөтүшүптүр” деп эшикте турган чоочун балдарды көрсөттү. Анан “а-бу” дегенче күтүп турган машинага түшүп кетти. Болуп өткөн окуяга акылым жетпей, көргөн көзүмө, уккан кулагыма ишенбей, аркасынан узата карап кала бердим. Ыйлагым келди, бирок, ыйлай алган жокмун. Анткени, үмүт болгон. Сүйгөнүм кайтып келет деген чоң ишеним бар болчу. Кеткенине жарым жыл болду, андан кийин жолукмак түгүл кабарлашкан да жокпуз. Ошентип, армандуу махабаттан “Арманым” жаралган.
Даярдаган Жаркынай Нусубалиева