Жаңы жыл алдында Урмат Усенов менен Неля кош кубанычка батышты. Маданият министрлиги түгөйлөргө “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги такты. Ырчылар муну чыгармачылыктын үзүрү дешет сүйүнүшүп. Эскерте кетсек, бул наамга Урмат Усенов 2008-жылы жеткен, бирок төш белгини алууга чыгынбай жүргөн. Жубайы Неля быйыл алып отурат.
Төш белги тагынган эки жашка чыгармачылык ийгилик каалайбыз.