25-ноябрдан 5-декабрга чейин Япониянын Кавасаки шаарында Кыргызстан менен Япониянын маданияты менен таанышуу, тажрыйба алмашуу максатында өспүрүмдөр арасында Эл аралык фестиваль өттү. Бизден ким катышты дебейсизби? “Шаттык” бий ансамбли жана жаш ырчы жигит Иса Өмүркулов катышып келди. “Шаттыктын” кыздары кыргыздын керемет бийлерин тартуулашса, Иса улуу классик Атай Огомбаевдин “Гүл”, “Жаштарга” жана “Сары-Ой” сыяктуу элдик ырларга айланган чыгармаларын жандуу аткарып, япон элин тамшантты. Концертте Кыргызстандын Япониядагы элчиси таланттарыбызга ыраазычылык дипломдорду тапшырган.