11-12-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын чейрек финал оюндары өттү. 2 күн бою күлкү күйөрмандарына боорду эзген мыкты тамашалар тартууланды. Оюндардын жыйынтыгында 16 команданын алтоосу Жогорку Лигадан "учушту". Алар: “Алтын кен”, “ДНК”, “Юрский период”, “Не дай Бох”, “Нарын юнайтед” жана “Азиатский стандарт” командалары. Бул топтор эми "Тамашоунун" Премьер Лигасында күрөш жүргүзүшөт. Баса, "Тамашоу" Лигасынын 1-сезонунун чемпиону "2-рота" командасы оюндарга катышкан жок. Буга команданын эски курамы таркап кетип, жаңы курамы алардын ордун татыктуу басууга жарай албагандыгы себеп болду. Жогорку аскер окуу жайындагы катуу тартип да аларга ойдогудай даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткан сыяктуу. Бул тууралуу келерки санда кеңири маалымат аласыздар.