Бир бүркүм... КЫТАЙЛАРДЫН САНЫ 350 МИҢ КИШИГЕ ЖЕТЕТ...
Кыргызстандын аймагында жакынкы 10 жылдын ичинде кытайлардын саны 350 миң адамга жетерин серепчи Азамат Дикамбаев билдирди.
Борбор шаардагы Ботаникалык бакта 18-декабрь күнү балаты базарынын расмий ачылышы өтөт.
Бишкектин мэриясы Жаңы жылды майрамдоого 14 миллион сом сарптайт.
Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода агымы жыл сайын 5-9 миллиард долларды түзөт. Бул сумманын 10 пайызы гана кыргызстандыктардын чөнтөгүндө киреше катары калат.
Экс-президенттин бир тууганы Акмат Бакиевдин соту болуп өттү. Адвокаттарынын тил кат менен А.Бакиевди үй камагына бошотуу суранычы четке кагылды. Сот иши 13-январда улантылат.
Бишкектин Жылуулук электр борбору декабрдын аягына чейин жетчү мазут менен камсыз болду.
Жаңы жылдан кийин борбор шаарга жаңы троллейбустар келерин вице-мэр Төрөбек Имашев билдирди. Учурда жалпы линияда 80 троллейбус иштөөдө. Ал эми подстанциялардын кубаты 150 троллейбусту тейлөөгө жетет.
Бишкекте автобус жүрүүчү жаңы маршрут жолдору ачылат. Анын көпчүлүгү жаңы конуштардын жүргүнчүлөрүн ташууга бөлүнөт.
Улутташтырылган 5 автоунаа жана 1 яхта Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Ал эми Як-40 учагы боюнча улутташтыруу маселеси аягына чыга элек.
Президент Роза Отунбаева УКМКга 2011-жылдын 1-январына чейин Террорчулукка каршы борбор түзүүнү буюрду.
Ушул убакытка чейин Мамлекеттик мүлк министрлиги 38 объектини улутташтырганын министр Шералы Абдылдаев билдирди.
Банкрот болгон “АзияУниверсалБанкы” реструктуризация ыкмасы менен “Залкар” деген жаңы банк болуп түзүлөрүн Улуттук банк башкармалыгынын мүчөсү Салтанат Алыбаева кабарлайт.
Чүй жана Нарын облустарында өмүр бою түрмөдө отура тургандар үчүн атайын колония курулат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.