АЯЗ АТА МОМПОСУЙ ТАРАТАТ

Бишкек шаары Жаңы жылга карата түрдүү иш-чараларды уюштуруп, кызуу даярдык көрө баштады. Алсак, 18-декабрда “Жеңиш” аянтында жаңы жылдык “Кышкы мозаика” жарманкеси өтмөкчү. Анда тамак-аш, кондитердик азыктар, белектер, оюнчук жана балаты жасалгалары сатылат. Аяз ата менен Аяз кыз сынактарды уюштуруп, белектер ойнотулат.
Ал эми 30-декабрда борбор шаарда 200гө жакын Аяз ата жана Аяз кыздан турган жөө жүрүш башталат. Алар “Ала-Тоо” аянтын аралап, Бишкек мэриясына келишет. Бул жерден белек-бечкектерин артынып кайра аянтка келип, жаш балдарга момпосуй таратышмакчы. Ушул күнү “Ала-Тоо” аянтында кыргыз эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт да өтүшү мүмкүн. Бул иш-чаралар тууралуу Бишкек мэриясынын Маалымат жана жарнама департаменти кабарлады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан