Оштун мэри Мелис Мырзакматов жакында түштүк борборго бандиттер жашыруун киришкенин айткан. “Элди өзүнө сак болууга чакырам. Коопсуздук маселесин алдын алуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү керек”,- дейт ал. Ош ШИИБинин башчысы Памир Асанов да шаарда сепаратисттик агымдарга кирүүгө үгүттөгөн чакырыктар күчөгөнүн билдирди.
Бирок УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев мэрдин билдирүүсүн четке какты. “Ал мындай сөздөр менен элди дүрбөтүп, өзүнө упай топтогусу келип жаткандыр...”- дейт башкы чекист.
Эми «шаар башчынын сөзү чынбы, же “коопсуздук көзөмөлдө” деген Дүйшөбаевдин айтканы туурабы?» деп аныгын биле албай элдин башы маң. Балким, Оштун мэри популисттик билдирүүлөрдү таркаткандыр. Бирок ошол эле убакта Ош шаарынан курал-жарак, жардыргычтардын табылып жатканы көңүлдөргө дүрбөлөң салбай койбойт.