Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев “News Asia” порталына маек берди. Кечээ эле аялы, эрке талтаң балдары кыбыр эткен бизнестин баарын тизгиндеп, Кыргызстанды кандай шорго малганын эл унутуп калды деген таттуу кыялга батып алганбы, ким билет, “кыргыз эли күн өткөн сайын акаевдик жылдарды жагымдуу маанайда эстей баштады” деди оозу-мурду кыйшайбай! “Ал мезгилдеги 14 жыл туруктуу жана тынч болгон. Минтип айтканыма учурда өлкөнүн оор тагдыры күбө. Бийликке келген Роза Отунбаева менен “убактылуулар” коомдун үмүтүн акташкан жок. Дал ушулардын учурунда өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык кандуу кагылыш болуп, 2 миңден ашуун адам каза болду. Ага Отунбаеванын бийлиги күнөөлүү”,- дептир Аскар Акайыч.
Бакиевдин тактан түшүп калганына да токтолгон экс-президент бул ишти акча менен байланыштырган. “Курманбек Бакиевге кимиси көп төлөсө, ошол жактын айтканын аткарчу”,- дейт туңгуч ажо. 2005-жылы тактан шыпырылганына өзүнүн ишин эмес, Американы айыптаарын баса белгилеп, “мен америкалык интриганын курмандыгы болгом. Кырсык алып келген америкалыктардан абайлагыла” деп баалуу кеңеш да айтыптыр.