“Спорт Ордосундагы жардырууну уюштурган” деп шектелгендердин бири Кыргызстандан Казакстандын аймагына өтүп бара жаткан жеринен кармалды. ИИМ бул жаран Ош шаарынын 1992-жылкы тургуну Марипжан Мирзаканатов экендигин маалымдады. Ал быйылкы жылдын июнь айынан бери бир катар кылмыштарга айыпталганы үчүн издөөдө болчу.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда апрель иши боюнча сот жүрүп жаткан Спорт Ордосунун жанында жардыруу болгон. Андан 4 киши жаракат алган.